Каракол — Эңилчек унаа жолу жабылды

 Каракол — Эңилчек унаа жолу жабылды
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Аймакта 3 күндөн бери тынбай жааган кар жана катуу бороон менен катар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жергиликтүү бийлик аталган унаа жолун 12синен 14-апрелге чейин жабуу чечимин кабыл алган.
Белгилей кетсек, жергиликтүү бийликке жолду убактылуу жабууга тескеме чыгарып берүү боюнча “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы кайрылган. Ошондой эле, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымында ИИМ тарабынан атайын коюлган постто нөөмөт уюштурулуп, жергиликтүү элге эки күн жолго чыкпай туруу сунушу берилген.
Аймакты тейлеген №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жеткенин, азыркы тапта жолго түшкөн майда кар көчкүлөрдү тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирет.
Ошондой эле, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетип, бороон катуу болуп жаткандыктан, жолду тазалоого мүмкүн болбой, анда чыккан техникалар кайра кайтышты. Бороон бүтөрү менен жол тазаланат, ал үчүн атайын техникалар даяр турат.
Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилет.

Связанный пост