Президент спортчу кыздарды куттуктады

 Президент спортчу кыздарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров спортчу кыздарды куттуктады.

“Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди. Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!”-, деп билдирди Мамлекет башчы.

“Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт. Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз”,-деп жазды Садыр Жапаров.

Президент учурдан пайдаланып спортчулардын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарга ийгилик каалады.

Связанный пост