Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап пара алып аткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчү кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.
Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост