Жалал-Абад шаарында өзүм билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай боюнча кылмыш иши козголду

 Жалал-Абад шаарында өзүм билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарында өзүм билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Т.Айтакалов көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесине “Д-К” ЖЧК тарабынан кандайдыр-бир долбоорлоо жана курулуш курууга уруксат берүүчү иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен көп кабаттуу турак жайын куруп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Связанный пост