Эмгек министрлиги Ысык-Көл областынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү менен 789 социалдык контракт түзөт

Эмгек министрлиги Ысык-Көл областынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү менен 789 социалдык контракт түзөт. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын 147си Түп районуна бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев быйылкы долбоордун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатып билдирди. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев катышышты.
“Социалдык келишим-бул Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жарандардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча демилгеси. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул алуучулардын ичинен жеке ишкерлердин категориясына өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мамлекеттен жардам күткөндөр эми өз аймактарынын жана бүтүндөй өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп жатышат.
Өткөн жылдын мониторинги көрсөткөндөй, бардык 2 900 бизнес-идея Айыл чарба, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө натыйжалуу ишке ашырылган. Жаңы ишкерлер тигүү жана курулуш тармагына киришти. Алардын бардыгы киреше ала башташты.
Социалдык келишим аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 9,6 миңден ашуун баланын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди. Долбоордун натыйжалуулугун министрлер кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров быйыл аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдү каржылоону 10 000ге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алды”, – деди ал.
Министрдин айтымында, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга жергиликтүү бийлик органдары жана өкмөттүк эмес уюмдар чоң салым кошууда.
“”Мал чарбачылыгына катышкан катышуучулар үчүн эмдөө, консультация, ошондой эле санитардык текшерүүлөр жүргүзүлдү. Тамак-аш өндүргөн катышуучулардын абалы текшерилди. Бей өкмөт уюмдар жана ар кандай фонддор финансылык сабаттуулукка окутууга, бизнес-пландоону уюштурууга, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жарым миллиондон ашык сом бөлүп беришти. Жергиликтүү бийлик органдары кошумча каражат, жер, отун бөлүп беришти”, – деди ал.

Связанный пост