Кыргызстанга 281 автоунаа мыйзамсыз ташылып келинген

 Кыргызстанга 281 автоунаа мыйзамсыз ташылып келинген

МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына 281 транспорттук каражаттардын бирдиктерин мыйзамсыз ташып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары легалдаштыруу фактыларын аныкташкан.

Кыргыз Республикасы «Бажы бирлиги» жөнүндөгү келишимге кошулгандан кийин ЕАЭБдин бажы аймагына автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүү, аларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына андан ары легалдаштыруу боюнча кылмыш схемасы түзүлгөн деп шектелген.

Автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоону жана каттоого коюуну жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын каттоо органдарына АМТК үчүн жасалма документтер (автотранспорт каражатын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, жөнөтүүчү өлкөдөн АМТКны каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер, анда жөнөтүүчү өлкө катары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер көрсөтүлгөн) берилген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 285 876 ​​484 сомду түзгөн.

Алгачкы текшерүүнүн чогултулган материалдары КБР МКЖ АДСда катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост