Бишкек шаарында профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу максатында мобилдүү клиникалар уюштурулду

Балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСК) деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле вакцина менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылдын 11-апрелинен тартып Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган жана медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды эмдөө үчүн балдарды жана чоңдорду профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу боюнча көчмө мобилдик клиникалар уюштурулду.
Көчмө мобилдик клиника №10 ҮМБнын аймагында ишин баштап, Дордой, Ак Жар, Келечек конуштарынын тургундарын кабыл алууда. Андан ары Мобилдик клиниканы шаардын башка калктуу конуштарында уюштуруу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, кампаниянын алкагында тургундар акысыз УЗИден өтүп, невропатолог, хирург, окулист, ЛОР дарыгери, үй-бүлөлүк дарыгер сыяктуу тар адистиктеги дарыгерлерден кеңеш ала алышат.

Связанный пост