Бишкекте иретсиз  таштанды ыргыткандар жазаланууда

 Бишкекте иретсиз  таштанды ыргыткандар жазаланууда

Борбор калаада иретсиз таштанды ыргыткандар кармалып, мыйзамдуу түрдө айып пул салына баштады. Алгач Бишкек шаардык мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы түнкү рейддерди уюштуруп, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок ага карабай курулуш материалдарынын калдыктарын, тигүү цехтериндеги кесиндилерды таштоо  тыйылган эмес.“Тазалык” муниципалдык ишканасы  үкөктөрдүн жанына 15 видеокамера койгондон кийин, түн ичинде уурданып ири көлөмдөгү акыр-чикир ыргыткандар четинен кармалууда. Айып пулдун суммасы жеке жарандарга жети жарым мин сом, юридикалык жактарга 23 миң сомду түзөт.

Связанный пост