Былтыр 5 миң гектар жер мамлекетке кайтарылды

 Былтыр 5 миң гектар жер мамлекетке кайтарылды

Өткөн жылы  прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 5 миң гектардан ашуун  жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокурор Жогорку Кеңештин отурумунда Курманкул Зулушев билдирди. Ал жерлер: калктуу конуш; айыл чарба; суу чарба; социалдык маанидеги жана өндүрүш багытында  болгон. Башкы прокурордун айтымында  мамлекетке келтирилген зыянды аныктоодо жана ордун толтурууда жер мыйзамдарынын аткарылышына айрыкча көңүл бурулууда. Ошондой эле   мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган коррупциялык иштерге бөгөт коюлуп  жатканын кошумчалады.

Связанный пост