Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О. жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды.
Такталгандай, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, Б.С.О. мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, Б.С.О. комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүрүп, ошондой эле КР УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн.
Бул факты КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тактоо иш-чаралары башталып, анын жүрүшүндө Б.С.О. текшерүү иштеринин жүрүшүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 12-апрелинде Б.С.О. КР УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жер тилкелерин бөлүштүрүүдө мыйзамдардын бузулушу системалуу түрдө жер-жерлерде чыр-чатактарга алып келерин, андыктан бул багыттагы текшерүү иш-чаралары улантыларын билдирет.

Связанный пост