Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө 2 мектептин курулушу башталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма жана Бирдик айылдарына курула турган мектептердин пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Эки айылга 275 окуучуга ылайыкташкан, бардык шарттары менен типтүү мектеп курулмакчы. Курулуштун ар биринин сметалык наркы 94 млн сомду түзөт жана мектеп 2024-жылдын акыркы кварталында бүтөрү күтүлүүдө.

Депутат Шарапаткан Мажитова курулуш баштоо аземинде сөз сүйлөп, айыл элин жакшы саамалыктар менен куттуктады. “Ар бир ата-эне балдары миграцияга кетпей, өз жеринде өсүп-өнсүн деп тилек кылат. Андыктан биз балдар үчүн заманбап шарттарды түзүп, келечегине кам көрүшүбүз керек. Фин тибиндеги эски мектептерде балдар окуп, 30 жыл жаңы мектеп сурап келген экенсиздер. Президентибиздин колдоосу менен социалдык обьекттерди куруу жанданып баштады “,-деди депутат Шарапаткан Мажитова.

Жергиликтүү тургундар  алардын суроо-талаптарын аткарууга күч- аракетин жумшап, кызмат кылган эл өкүлдөрүнө ыраазылык билдиришти.

Связанный пост