Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн ишембиликке катышты. МинКаб башчысы ошондой эле Ботаникалык бактын азыркы абалы менен таанышып чыкты жана аны реконструкциялоо боюнча пландарды укту. Белгилей кетсек, ишембилик Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Анкара шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги отурумдарынын алкагында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышты. Бишкек шаардык аймактык шайлоо жана Ленин районунун участкалык шайлоо комиссияларына 2023-жылдын 28-майында жетинчи чакырылыштагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында, № 1013, 1045, № […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу ордо калаа тургундары! Кадырлуу меймандар! Бүгүн жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештер кубана турган маанилүү күн – эгемендүү Кыргызстаныбыздын ордо калаасы Бишкек шаарынын күнү. Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү, борбор калаабыздын […]Читать далее
“Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт 2023-жылдын 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү. 2023-жылдын 27-апрелиндеги Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын № ФС-АК-7/10525 катына ылайык, жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 2023-жылдын 28-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Россия […]Читать далее
Бүгүн 28-апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары- Баткен килеминде” кароо-сынак фестивалы өттү. Аталган кароо-сынак фестиваль быйыл алгачкы ирет уюштурулду. Фестивалга конок болуп биринчи айым Айгүл Жапарова катышып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөгө коюлган килемдерин, кол эмгектерин көрүп, тар, килем согуу мастер классы менен таанышты. Ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары Айнура Аскарова, Самат […]Читать далее
Борбор калаадагы курулуш уюмдары жол жээгинин булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрүшпөй, көрктөндүрүү эрежелерин бузууда. Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддерди өткөрүүдө. Бул жолу 39 ишкана текшерилип, дээрлик бардыгында мыйзам бузуулар табылган. Объекттин айланасында тазалык жана тартип сакталбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү жаңы курулуп жаткан канализациялык коллектордун курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Иш-чарага Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык жетекчиси Айтен Рустамова, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышышты. Азыркы учурда Пригородное айылындагы […]Читать далее
ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринде таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүүдө. 47 күндө көлдүн түбүнөн 3700 кг ар кандай таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышты. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды. Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иш-чарасы 12-марттан […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамдары алдын ала пландаштырылышын суранат.Читать далее