Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталып 844 млн. 512 миң сом казынага кайтарылды

 Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталып 844 млн. 512 миң сом казынага кайтарылды

Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталып 844 млн. 512 миң сом казынага кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынан билдиришти.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Т.Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.

Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост