Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады

 Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

1-май салтка айланган элдик майрам катары майрамдалып келет.

Элибиз эзелтен эле адал эмгек адам жашоосунун мазмуну экенин, тер төккөн мээнет менен гана ийгиликтер жараларын жана талыкпас эмгек гана руханий байлыкка жеткирерин белгилеп келген.

“Адамды акылга бай кылган – эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек”, “Окуу – бул эмгек, эмгекчил болсоң – алга барасың, эмгексиз болсоң – артта каласың” деген нарк билги кыргыз элинин накыл кептери биздин жаштарыбызга жана өсүп келе жаткан жаш муундарга насаат болууга тийиш!

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн күч-аракетин, билимин, тажрыйбасын аябай, түз ниети менен иштеп келе жаткан чыныгы кесипкөйлөр менен эмгек жамааттары сый-урматка татыктуу. Анткени өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз алардан өрнөк алып, мекенчилдик сезимге тунуп, эмгекти сүйүүсү, билимге умтулуусу аркылуу эгемендүү мамлекетибиздин келечегин түзүүчүлөргө айланат.

 

Урматтуу мекендештер!

Мезгил алдыбызга кандай гана милдеттерди койбосун, кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойлу, арыбаган-талыбаган эмгек менен Кыргызстандын келечегин түптөп жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.

Ар бир күнү жылга тете жаз маалындагы бүгүнкү майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бекем эрк жана кылган мээнеттин акыбети кайткан ийгиликтерди каалайм!”

Связанный пост