Ошто эмгекчилер күнүнө карата жөө жүрүшү өттү 

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы муниципалдык мекеме- ишканалардын, уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттарынын жөө жүрүшү болуп өттү. Бул тууларуу Ош шаарынын мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү.

Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан шаар тургундарына майрамдык концерттик программа тартууланды. Иш-чарага 2000ге жакын адам катышты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасында 1-май Эмгек кодексине ылайык, расмий дем алыш күнү болуп саналат. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү Совет доорунан бери белгиленип келет.

Майрам расмий түрдө алгачкы жолу 1917-жылы белгиленген. Кыргызстанда 1-Май майрамы алгачкы жолу 1919-жылы Пишпек шаарында өткөн. 1928-жылы РСФСР Элдик Комиссарлар Советинин Борбордук Аткаруу Комитетинин декрети менен 1-2-май эс алуу күндөрү болуп, жөө жүрүш бардык жарандар үчүн салтка айланган.

Бүгүнкү күндө майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.

Связанный пост