Бишкектен Москвага кошумча жаңы авиакаттам ачылды

2023-жылдын 30-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда «Аэро Номад» авиакомпаниясынын Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча биринчи туруктуу каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү.

Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.

Маалымат катары: Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

Связанный пост