Анталияда кыргызстандыктар 7-апрелден 8-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталиядагы шаардык өлүкканага жана Кепез районунун мамлекеттик ооруканасына барышкан. Туугандары тарабынан өздүгү такталып, жыйынтыгында каза болгондордун бири КР жараны 1993-жылы туулган Б.к.А.нын өздүгү такталды, ал эми экинчи жабырлануучу Д.А.нын моюн сөөгү сынып, […]Читать далее
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун Жарлыгына ылайык, бүгүн -2023-жылдын 9-апрели Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңештеринде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор күнү экендигин билдирет. 1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн ѳлкѳнүн 5 облусунда 53 шайлоо участкасы ачылган. 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү саат 8:00дѳн 20:00гѳ […]Читать далее
Ош шаарында 31-августка чейин бир катар жолдор реконструкцияланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 7-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев мэр Бакытбек Жетигеновдун бир катар көчөлөрдү реконструкциялоо боюнча берген протоколдук тапшырмасынын аткарылышын текшерди. Тактап айтканда, Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү, Алай көчөсүнүн жолун, Каныкейдин эстелигинин жанындагы скверди реконструкциялоо иштери, ошондой эле […]Читать далее
8-апрель 2023-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 13 жана Лейлек районунда 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде 100 000 сом өлчөмүндөгү социалдык жардам сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү иш чарага КР Жогорку Кенешини депутаты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович, ошондой эле Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге Камчыбек Ташиев үй куруп берет. Буга чейин социалдык тармактарда Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан, бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан. Камчыбек Ташиев бүгүн аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтом: Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштеп жаткан жарандарга эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон, ошондой эле […]Читать далее
«МЭА» ААК: Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Россиянын «Азимут» авиакомпаниясы ушул жылдын май айында Сочи-Бишкек-Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда. Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттам болжол менен 5- майдан тартып жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылышы күтүлүүдө.Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жумушу
2023-жылга карата жолугушуулардын графигине жана дипломатиялык каналдар аркылуу жетишилген макулдашууга ылайык, Бишкек шаарында 2023-жылдын 1-апрелинен 7-апрелине чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул багыттагы жумуштар улантылат, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылды. […]Читать далее
Бүгүн, 7-апрель күнү «МЭА» АКК Башкармалыгын төрагасы Манасбек Самидинов иш сапары менен Талас шаарында орун алган «Талас» аэропортуна барды. Иш сапардын алкагында Манасбек Самидинов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү – Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдор менен Талас аэропортунун жана аэродромдун курулуш иштеринин башталышы тууралуу маселени талкуулашты. Төрага Манасбек Самидинов […]Читать далее
Баткенде тоодо калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору билдирди. Бүгүн, 7-апрель күнү саат 08:03тө Сүлүктү шаарында белгисиз жарандын буту сынып, тоодо калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө-куткаруу иштерине №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08:05 чыгып кетишкен. Жарандын аты-жөнү такталып, 54 жаштагы Э.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган. Куткаруучулар жогоруда аты […]Читать далее