Талас аэропортунун жаңы имаратынын курулушу ушул жылдын аягында аяктайт

Бүгүн, 7-апрель күнү «МЭА» АКК Башкармалыгын төрагасы Манасбек Самидинов иш сапары менен Талас шаарында орун алган «Талас» аэропортуна барды.

Иш сапардын алкагында Манасбек Самидинов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү – Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдор менен Талас аэропортунун жана аэродромдун курулуш иштеринин башталышы тууралуу маселени талкуулашты.

Төрага Манасбек Самидинов белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропорту Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлиги менен бирдикте, асфальт-бетон төшөлгөн элементтердин андан аркы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүп берүүнүн жол-жобосун иштеп чыгууда. Мындан сырткары «Талас» аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчосу жана перрондорду оңдоп-түзөө пландалууда. Ал кошумчалагандай, бул аткарылып жаткан иштер мамлекеттин пайдасына каражаттарды үнөмдөө максатында жасалууда.

Ошондой эле жолугушуу учурунда «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамабетов, бүгүнкү күндө Талас аэропортунун жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш-кагаздары аяктоо этабында экенин айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, Талас аэропорту ишке берилсе саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турганга шарт түзүлмөкчү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын 3-4-кварталын түзөт. 2019-жылы «МЭА» ААКнын өз күчү менен Талас аэропортунун аймагын тосуп-курчоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери аткарылды.

Связанный пост