«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Биринчи май районундагы 8 объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки тротуардын кыртышы даярдалып, жолдогу чек таштары жана ирригация системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү асфальт-бетон төшөө иштери башталып, объект бүткөрүлөт. Көлмө конушунда Максат, Илим, Тынчтык жана Айкөл көчөлөрүнүн […]Читать далее
Сох – Кан – Зардалы жолу кум-шагылдан тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу КРнын ӨКМ пресс-борбору билдирди. Баткен районунда 10-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дара айыл аймагына жакын жайгашкан кокту-колоттордон сел суулары агып, Сох – Кан – Зардалы унаа жолунун 10-11-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. Мындан улам унаа жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан […]Читать далее
Туризм департаменти Үрүмчү шаарындагы Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты. Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын эл аралык көргөзмө борборунда Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты. Расмий жолугушууда Туризм департаменти Кытай […]Читать далее
Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин жаңыдан өздөштүргөн багына барды. Жеке ишкер Билал Идинов, бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен […]Читать далее
«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Ош-Омск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Орусиялык «Северный ветер» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-мартынан баштап үзгүлтүксүз Омск-Ош-Омск багыты боюнча авиакаттамдарын жандантты. Авиакаттамдар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруучулук колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жетектеген делегация 2023-жылдын 7-8-апрелинде Екатеринбург шаарында жыл сайын өтүүчү “ЖАЙ-2023” Эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты. Делегациянын курамында Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринин, атап айтканда «С.А.Т.», «Travelnomad.kg», […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык эртең, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу; 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында; Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз […]Читать далее
Кыргызстан боюнча 3нөн 10-апрелге чейин СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 3-апрелинен 10-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору тарабынан «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жана Бишкек шаарынын мэриясынын e-meria.kg порталында кошумча модул иштелип чыкты. Эми “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде троллейбустардын жана автобустардын жайгашкан жеринен тышкары, шаардыктарга кичи автобустардын кыймылы боюнча кошумча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Кошумча функцияны колдонуу үчүн сиз тиркемени жаңыртышыңыз керек же төмөнкү Play Marketтеги шилтемеден […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда алгачкы жолу желимди кайра иштетүүчү завод Ак-Суу районунда курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Ак-Суу районунда желимди кайра иштетүүчү завод жакынкы күндөрү ишке берилмекчи. Ишкана 2022-жылы жеке ишкер тарабынан курула баштаган. Ишкер долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан долбоор колдоого алынып 20 млн. сом ишкананы курууга […]Читать далее