Учурда өлкө аймагында жалпы 362 социалдык объект курулууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди. Анын айтымында, аталган объекттердин курулуш иштерине быйыл мамлекеттик бюджеттен 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн . “Бул абдан жакшы көрсөткүч. Аймактарга бөлүп карай турган болсок: Чүй облусунда – […]Читать далее
Технопаркта мугалимдерге берүү үчүн 3,5 миң ноутбук даярдалууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барган учурда белгилүү болду. Ведомствонун маалыматына караганда, анда министр мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду. КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев министрди аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Технопарктын директору Касымбек Келебаевдин […]Читать далее
Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул бир гана компаниянын чечими эмес. Бул мамлекеттик органдар тарабынан тыгыз иштелип чыккан чечим. Газдаштырууда борбор калаа менен Чүй облусуна басым жасалып, учурда Новопокровка айылына […]Читать далее
Кыргызстандын жергиликтүү дарбыздары бышып, базар, дүкөндөрдүн текчелерине коюла баштады. Эң алгачкы дарбыздар Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында бышып, жергиликтүүлөрдү бакча өсүмдүктөрү менен камсыз кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дарбыздар шириндиги менен өзгөчөлөнүп, органикалык жол менен багылып, аны өстүрүүдө кошумча дары-дармектер колдонулбайт. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча […]Читать далее
Кыргызстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын бешинчи отуруму болуп өттү. Отурум Кыргызстандын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Отурумга балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин эксперттери жана коомдук ишмерлери катышты. Күн тартибинде […]Читать далее
Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын кеңири санариптештирүү иштери уланууда. Бул багыттагы негизги кадамдардын бири — санарип аттестаттарды киргизүү. Бул тууралуу агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Учурда 2000-жылдан бери берилген аттестаттардын архивин санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Самыкбаеванын айтымында, бул ишти кагаз архивдери сакталып калган мектептер өздөрү жүргүзүшүүдө. Маалыматтардын так идентификациясына өзгөчө […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Иран жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну жана кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү сунуштады. Ошондой эле ведомство Жакынкы Чыгышка барууну же чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына аба каттамдарына коюлган учурдагы чектөөлөрдү эске алуу жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын […]Читать далее
Энергетика министрлиги Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлгөнүн тастыктады. Ведомстводон билдиришкендей, адистер авариянын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш алып барууда. Учурда электр энергиясы калыбына келтирилди. Министрлик жарандарды сабырдуулукка, такталбаган маалыматты таратпоого чакырып, такталган маалыматтар жакынкы аралыкта берилерин билдирди.Читать далее
Быйыл өлкөдө малды жасалма уруктандыруу үчүн биринчи жолу 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарба ветеринария жана жайыт боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамбетова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, асыл тукум малды көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу – жасалма уруктандыруу. Жасалма […]Читать далее
Бишкек шаарында күч түзүмдөрүнүн балдары үчүн “Ак-кайың” балдар бакчасы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана өздүк курам, ошондой эле ата-энелер катышты. Аталган бала бакчанын мурдагы имараты 1975-жылы курулгандыктан эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү […]Читать далее