Баткенде тоодо калып калган жаран куткарылды

Баткенде тоодо калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору билдирди.

Бүгүн, 7-апрель күнү саат 08:03тө Сүлүктү шаарында белгисиз жарандын буту сынып, тоодо калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө-куткаруу иштерине №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08:05 чыгып кетишкен. Жарандын аты-жөнү такталып, 54 жаштагы Э.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган. Куткаруучулар жогоруда аты аталган жаранды тоодон алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Связанный пост