Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жумушу уланууда

 Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жумушу уланууда

2023-жылга карата жолугушуулардын графигине жана дипломатиялык каналдар аркылуу жетишилген макулдашууга ылайык, Бишкек шаарында 2023-жылдын 1-апрелинен 7-апрелине чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул багыттагы жумуштар улантылат, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылды.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүү абалында өттү.

Связанный пост