Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө кантип мыйзамдуу түрдө жумуш табууга болорун айтып беришти. Ведомство түшүндүргөндөй, эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомдун (GIZ) колдоосу менен “занятость” интерактивдүү веб-порталы иштеп жатат (www.zanyatost.kg), анда республика боюнча бардык бош орундар, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтар, ошондой эле жаңылыктар жана пайдалуу маалыматтар жайгашкан. […]Читать далее
2022-жылдын сентябрынан тартып Кыргызстанда өлкөгө жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү боюнча “санариптик көчмөн” пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, көчмөн статусун 6 өлкөнүн жарандары ала алышат – Россия, Казакстан, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Молдова, алар программалык камсыздоону иштеп чыгуу, медиа жана санариптик искусство, графикалык дизайн […]Читать далее
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2,3 миң адам ишке орноштурулган. Дагы 1,5 миң адам кесиптик окутууга жиберилген, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган. Окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде – медициналык айым, компьютердин оператору, Ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» МИ 2022-жылы технологиялык процесстин талаптарына ылайык жүк ташуу иштерин жүргүзгөн. Алсак, 2022-жылы 8022,0 миң тонна жүк ташылып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 361,5 миң тоннага көбөйгөн. Жүк ташуунун көбөйүшүнүн факторлорунун бири болуп, компаниянын 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алуусу саналат, алар Кыргыз Республикасына келгенден кийин дароо ишке киргизилген. Ошондой эле «Кыргыз […]Читать далее
ИИМдин Ички аскерлеринде жазгы чакыруу башталды. Бул тууралуу КРнын ИИМнин Ички аскерлеринин басма-сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда. Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө […]Читать далее
Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Курулуштун жүрүшүнөн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды. Узундугу 2,5км болгон канал жергиликтүү эл жана бей өкмөт уюмдардын биргелешкен аракети менен курулууда. Курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму тарабынан 55миң […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен. Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы “Колдон колго” коомдук бирикмесинин ресурстук борборуна барды. Эдил Байсалов борбордун адистеринин иши менен таанышып, аутизм спектри бузулган балдардын ата-энелери менен баарлашты. Баарлашуунун жүрүшүндө аутизм менен ооруган балдардын ата-энелери туш болгон кыйынчылыктар, тактап айтканда, так диагноз алуу, аймактарда адистештирилген жардамдын жоктугу, баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) көрсөтүүчү дарыгерлердин […]Читать далее
№ 84, 74, 79 жана 40 мектептерде балдар катуу тиричилик калдыктарын сорттоону үйрөнүшөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Окуучулар эми пластик, кагаз жана айнекти ачык түстөгү таштанды челектерге ыргыта алышат. Окуучулар менен таштандыларды туура сорттоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жакында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзүнчө таштанды челектерин коюу пландалууда. Маалымат: долбоор Кыргыз […]Читать далее
КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. 2023-жылдын 7-апрелинде күндүз жана 8-9-апрелдерде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, […]Читать далее