Коом

Панфилов районунунда 66 аз камсыз үй-бүлө 100 мин сомдук сертификатка

Чуй облусунун, Панфилов районунун 66 аз камсыз үй бүлөлөрү 100 мин сомдук сертификатка ээ болду. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Панфилов районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуну ишке ашыруу максатында, социалдык жардам алууга келишим […]Читать далее

Билим

Ош шаарындагы №27 орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу

Ош шаарындагы N 27 партсъезд атындагы орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны бүтүп калган. Жумуш кызуу жүрүүдө. Белгиленген планга ылайык имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.Читать далее

Коом

15-апрель Улуттук тазалык күнү!

Президент Садыр Жапаров 2022 жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыкты ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлигинин жетекчилиги астында, 2023-жылдын 15 апрелинде, республика боюнча айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акция ɵтмɵкчү. Акцияга бардык жарандарыбызды убакыттан пайдаланып кɵчɵлɵрдү, […]Читать далее

Коом

Эски аэропорттун аймагындагы аянт 100% көрктөндүрүлөт

Айтматов проспектиси менен Ажибек Баатыр көчөсүнүн кесилишинде бош муниципалдык жер тилкеси бар. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адистери заманбап көз караштагы абдан кызыктуу көрктөндүрүү долбоорун даярдашты. Аянтка асфальт жана брусчатка төшөлүп, кичинекей фонтан, түнкү жарык, отургучтар жана балдар аянтчасы орнотулуп, бир нече бактын түрү отургузулат. Эс алуу аянтчада чоңдордун жана балдардын  ыңгайлуу эс алуусу үчүн керектүү нерселердин […]Читать далее

Коом

Ош шаарында 68 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

Ош шаарында аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага мэрдин орун басары Н.Кадыров, ЖК депутаты Ш.Мажитова, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.Полотова жана социалдык контракт түзүүгө укук алган үй-бүлөлөр катышты. 68 үй-бүлө чакан бизнес ачуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом кайтарымсыз акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. […]Читать далее

Коом

“Аю” компаниясын спирт заводу жана арак заводу мыйзам чегинде конфискацияланып,

“Аю” компаниясын спирт заводу жана арак заводу мыйзам чегинде конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Мамлекет башчысы “Аю” компаниясы акцизди жасалма кылып, миллиондогон салыктарды төкпөй келгенин белгиледи. “Биз “Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. “Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда […]Читать далее

Коом

1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга өзгөрөт

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган документке ылайык электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Иш-чараны КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз […]Читать далее

Президент

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн канча каражат түштү? Президенттин жаңы маеги

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маек куруп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга байланыштуу узатылган суроолорго жооп берди. — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! — Саламатчылык. — Сиз бийлик башына келгенден көп өтпөй “кустуризация” же коррупциялык, мыйзамсыз иштерге айыпталгандарды мамлекеттин казынасына каражат төктүрүү өнөктүгү активдүү башталганы белгилүү. Анан бул багыттагы иштерден жалпы канча каражат түштү? Алар кайсыл жактарга жумшалды? […]Читать далее

Коом

Түптө 120 орунду бала бакча ишке берилди

Түп районунун, Ой-Тал айылында Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жаӊы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оӊдоп-түзөөгө Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн. 900,0 сом, Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миӊ сом бөлүнгөн. Бала бакчанын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Акылбек […]Читать далее