Панфилов районунунда 66 аз камсыз үй-бүлө 100 мин сомдук сертификатка ээ болду

 Панфилов районунунда 66 аз камсыз үй-бүлө 100 мин сомдук сертификатка ээ болду
Чуй облусунун, Панфилов районунун 66 аз камсыз үй бүлөлөрү 100 мин сомдук сертификатка ээ болду. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Панфилов районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуну ишке ашыруу максатында, социалдык жардам алууга келишим түзгөн, 66 аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө, 100 мин сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттарды тапшырды.
Өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Алыбаева Ж.И., Чуй облусунун Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыштобаева Г.А., Панфилов райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Алияскаров М.А. катышты.

Связанный пост