Төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин отурумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Иш-чараны КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Төрага Нурланбек Шакиев шериктештик алкагындагы парламенттер аралык байланышты бекемдөөдө КМШ ПААнын салымы чоң экенин белгилеп: “Айрыкча ассамблея саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерге тиешелүү мыйзамдык базаны чыңдоо маселелери талкууланган негизги аянтча катары кызмат кылып келет. Андыктан быйыл Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине төрагалык кылуу милдетин аркалап жаткан Кыргызстан алакаларды арттыруу жаатындагы аракеттерди жигердүү улантат”, – деди.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши дагы КМШ парламенттеринин кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин айткан Нурланбек Шакиев: “Тарыхка кайрылсак, Парламенттер аралык ассамблеянын алгачкы жыйыны 1992-жылы сентябрда Бишкекте өтүп, бирикменин бекемделишине багытталган бардык маселелер ошол учурда аныкталган. Ошондуктан, ассамблеянын быйылкы күзгө сессиясын да Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ишеничтебиз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар күзгү сессиянын алкагында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине карата конференция уюштуруу мерчемделгенин маалымдаган Жогорку Кеңештин Төрагасы парламент жетекчилерин аталган иш-чараларга катышып кетүүгө чакырды.

Ошондой эле жыйында КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы Искендер Матраимов да баяндама жасап, ассамблеянын каржылык маселелери тууралуу маалымат берди.

 

Связанный пост