Коррупцияга каршы күрөшүүдөн канча каражат түштү? Президенттин жаңы маеги

 Коррупцияга каршы күрөшүүдөн канча каражат түштү? Президенттин жаңы маеги

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маек куруп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга байланыштуу узатылган суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— Сиз бийлик башына келгенден көп өтпөй “кустуризация” же коррупциялык, мыйзамсыз иштерге айыпталгандарды мамлекеттин казынасына каражат төктүрүү өнөктүгү активдүү башталганы белгилүү. Анан бул багыттагы иштерден жалпы канча каражат түштү? Алар кайсыл жактарга жумшалды? Айрым саясатчылар жарым-жартылайы мамлекетке түшсө, жарым-жартылайы чөнтөккө кетти да дешүүдө.

— Эки жарым жылдан бери кимде-ким акча төгүп жаткан болсо, бир тыйыны коробой түздөн-түз республикалык казынага келип түшүп жатат. Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн “ачыкка чыгарбасаңар” деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз. Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде, өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, баарын ачып берели десек кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле “кустуризация” маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, “кусундулардын” баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт.

— Ар кыл деңгээлдеги коррупциялык иштерге аралашкандар тергөө иштери жүрүп жаткан чакта эле кайсыл бир ири сумманы казынага кайтарып, алардын баш коргоо чарасы “үй камагы” болуп өзгөрүүдө. Бул коомчулукта “акчаң болсо эч кандай жаза албай эле кутулуп кетет турбайсыңбы” деген пикирлердин үстөмдүгүнө алып келип жаткан жокпу? Сиздин көз караш кандай бул маселеге?

— Кимде ким казынадан уурдап кармалган болсо, аларды эки-үч эселеп кайтартып, анан үй камагына чыгарып коюп жаткан учурлар бар. Аларды мен деле байкап турам. Бирок кийлигишкеним жок. Бирок үй камагына чыкса эле акталып кетет дегендик эмес да. Сөзсүз сот иштери уланат. Соттун чечими менен аяктайт. Шартуу түрдө кесилеби же айып пул төлөп чыгабы, аны сот чечет.

Учурда соцтармакта айрым блогерлер белгилүү “Аю” компаниясы жогоруда биз сөз кылган “кустуруу” кампаниясынын курмандыгы болду дешүүдө. Башкача айтканда, аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча “кустурушкан” жана анын кесепетинде “Аю” мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыпташууда.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. “Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек” деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Связанный пост