15-апрель Улуттук тазалык күнү!

 15-апрель Улуттук тазалык күнү!
Президент Садыр Жапаров 2022 жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыкты ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлигинин жетекчилиги астында, 2023-жылдын 15 апрелинде, республика боюнча айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акция ɵтмɵкчү.
Акцияга бардык жарандарыбызды убакыттан пайдаланып кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз. Экология жана тазалыктын сакталуусуна кайдыгер карабаган бардык жарандарды улуттук акцияга чакырабыз.
Аталган акция 2022 жылдын 8 октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, 133 508 жаран катышкан.
Бардык таштандылар сорттолуп чогултулуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган.
Бул жолку акция дагы жогудагы алгоритм менен, ɵткɵрүлɵт.
Таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу акциянын башкы максаттарынан.
Бардык ЖМКаларды аталган акцияны активдүү чагылдырууңарды өтүнөбүз.
Акциянын башкы уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги Боз-Бөлтөк тоосун тазаламакчы. Экологиялык акцияга Министр М. Тургунбаев борбордук аппараттын кызматкерлерин жетектеп чыгат.
Кененирээк маалыматты Министрликтин басма сɵз катчылыгынан алсаңыздар болот; 0990301131.

Связанный пост