“Аю” компаниясын спирт заводу жана арак заводу мыйзам чегинде конфискацияланып, мамлекетке өтөт

 “Аю” компаниясын спирт заводу жана арак заводу мыйзам чегинде конфискацияланып, мамлекетке өтөт

“Аю” компаниясын спирт заводу жана арак заводу мыйзам чегинде конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы “Аю” компаниясы акцизди жасалма кылып, миллиондогон салыктарды төкпөй келгенин белгиледи.

“Биз “Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. “Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек” деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”, – деди президент.

Связанный пост