Эски аэропорттун аймагындагы аянт 100% көрктөндүрүлөт

Айтматов проспектиси менен Ажибек Баатыр көчөсүнүн кесилишинде бош муниципалдык жер тилкеси бар. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адистери заманбап көз караштагы абдан кызыктуу көрктөндүрүү долбоорун даярдашты.

Аянтка асфальт жана брусчатка төшөлүп, кичинекей фонтан, түнкү жарык, отургучтар жана балдар аянтчасы орнотулуп, бир нече бактын түрү отургузулат. Эс алуу аянтчада чоңдордун жана балдардын  ыңгайлуу эс алуусу үчүн керектүү нерселердин баары болот.

“Бишкекбашкыархитектура” мекемесинде “Урбанистика жана эл үчүн шаар” программасы бар. Ага ылайык биз шаарга тийиштүү кызматтар менен биргеликте борбор калаадагы каралбай калган бардык жерлерди көрктөндүрүү улантабыз.

Связанный пост