Түптө 120 орунду бала бакча ишке берилди

Түп районунун, Ой-Тал айылында Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жаӊы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оӊдоп-түзөөгө Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн. 900,0 сом, Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миӊ сом бөлүнгөн.
Бала бакчанын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Жанвбек Кыдыкбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышышты.

Связанный пост