Images

Саясат

Садыр Жапаров Баткендеги турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 24-де­кабрда, Баткен облус­уна болгон жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14­-17-сентябрында кайг­ылуу окуялардын кесе­петинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды. Мамлекет башчысы тур­ак- жайлардын курулу­шунун жүрүшү менен таанышты, учурда Ак-С­ай айылында 51 турак­-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алд­ы. Бардык үйлөрдүн​ пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

Президент Садыр Жапаров, 26-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Ал иш-чарага Беларусь Президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия […]Читать далее

Коом

Баткендеги чек ара коогалаңында курман болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых

Бүгүн, 23-декабрда Баткендеги чек ара коогалаңында мекен үчүн курман болгон жаш жоокерлердин портреттери расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди. Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук, маданий ишмерлер жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсү, жакындары […]Читать далее

Саясат

Бакыт Төрөбаев: Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы жана паспорт системасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын экенин айткан Бакыт Төрөбаев, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырган маалыматтык системалар иштин динамикасына […]Читать далее

Саясат

Төрага Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 23-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетине барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинен Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын камтыган китепче ай сайын чыгарылып турары айтылды. Комитеттин жамааты менен жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоодо жана көйгөйлөр менен жетишкендиктерди […]Читать далее

Саясат

Нурланбек Шакиев ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды. Жолугушууда ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ассамблея алкагында парламенттер аралык алаканы арттыруу тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев быйыл Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму ийгиликтүү өткөнүн эске салып: “Анда кабыл алынган бардык […]Читать далее

Билим

Бишкектеги мектептерде онлайн окууту 28-декабрга чейин узартылды

Бишкек шаарындагы мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында борбор калаада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгынан улам кабыл алынды. Ал эми аймактардагы мектептердин онлайн түрүндөгү […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Шри-Ланка командасын жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы (U-23) Дакка шаарында (Бангладеш) өтүп жаткан зоналдык Азия чемпионатында биринчи оюнун жеңиш менен баштады. Курама команда Шри-Ланканын курама командасы менен беттешип, 3:1 эсебине жеңди. Командалар жалпы 4 партия ойноду: 1-партия 25:21 2-партия 25:22 3-партия 22:25 4-париия 25:18 Ошондой эле, Кыргызстандын курама комадасынын капитаны Жантемир Жээнбек уулу беттештин мыкты оюнчусу […]Читать далее

Коом

Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан […]Читать далее

Экономика

Ишкерлер жыл башынан бери 1,5 трлн сомго электрондук эсеп-фактура тариздешти

Ушул жылдын башынан бери ишкерлер жүгүртүү суммасы 1 трлн 504,4 млрд сомго 9,2 млн ашык электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жалпысынан ЭЭФ киргизилгенден бери – 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишкерлер тарабынан 3,1 трлн сомго 19,1 млн электрондук эсеп-фактура жазып берилген. ЭЭФти жыл ичинде 12 миң 772ге көбөйүп, бүгүнкү күндө […]Читать далее