Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Связанный пост