Баткендеги чек ара коогалаңында курман болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейине коюлду

 Баткендеги чек ара коогалаңында курман болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейине коюлду

Бүгүн, 23-декабрда Баткендеги чек ара коогалаңында мекен үчүн курман болгон жаш жоокерлердин портреттери расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди.

Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук, маданий ишмерлер жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсү, жакындары катышып, жоокерлердин портреттери, мурунку Баткен окуяларында тартылган сүрөттөр топтомунан турган көргөзмө салтанаттуу түрдө кызыл лента менен ачылды. Иш-чара курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүу менен башталды.

Сөз алгандар кырчындай болгон жаш жигиттердин эрдигине таазим кылып, аларды сыймык менен эскерүү кийинки урпактардын милдети экенин белгилешип, алар жөнүндө маалыматтар окуу китептерге киргизилиши керек деген пикирин билдиришти.

Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө, эркиндикти туу туткан элибиздин уулдары кандай кыйынчылык болбосун эли-жерин коргоп келе жатканын тарых тастыктап келгенин белгилеп, мекен үчүн башын канжыгага байлаган баатырларды эскерүү үчүн бүгүнкү иш-чараны уюштурган журналист Элнура Кулуева баш болгон бир катар журналисттерге ыраазычылыгын айтуу менен мындай иш-чараларды министрлик дайыма колдоого аларын билдирди.

Иш-чара Баткен окуяларында буга чейин жана жакында курман болгон жоокерлерге куран багыштоо менен жыйынтыкталды.

Связанный пост