Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Шри-Ланка командасын жеңди

 Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Шри-Ланка командасын жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы (U-23) Дакка шаарында (Бангладеш) өтүп жаткан зоналдык Азия чемпионатында биринчи оюнун жеңиш менен баштады.

Курама команда Шри-Ланканын курама командасы менен беттешип, 3:1 эсебине жеңди. Командалар жалпы 4 партия ойноду:
1-партия 25:21
2-партия 25:22
3-партия 22:25
4-париия 25:18

Ошондой эле, Кыргызстандын курама комадасынын капитаны Жантемир Жээнбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.

Белгилей кетсек, курама команда бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 18:30 да Бангладештин курама командасы менен беттешет.

Связанный пост