Бакыт Төрөбаев: Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын

 Бакыт Төрөбаев: Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы жана паспорт системасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын экенин айткан Бакыт Төрөбаев, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырган маалыматтык системалар иштин динамикасына дагы, маалыматтарды иштеп чыгууга дагы, убакытты үнөмдөөгө дагы шарт түзүүдө. Ошондуктан мындан ары иш процесстерин автоматташтыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерге өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Кыргызстан калкты персонификациялаштырылган идентификациялык документтер менен документтештирүү жаатында максатка багытталган жана ырааттуу мамлекеттик саясатты жүргүзөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту – бул жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан коюлган заманбап эл аралык талаптарга жооп берген биометрикалык технологиялардын негизинде корголгон жана заманбап документ.

Майрамдык иш-чаранын соңунда калкты документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн каттоо тармагынын ардагерлерине жана кызматкерлерине тиешелүү ведомствонун төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Связанный пост