Төрага Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

 Төрага Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 23-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетине барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинен Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын камтыган китепче ай сайын чыгарылып турары айтылды.

Комитеттин жамааты менен жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоодо жана көйгөйлөр менен жетишкендиктерди тактоодо статистикалык маалыматтар зарыл экенин белгилеп: “Андыктан саат жебесиндей, тынымсыз иштеген мекеменин кызматкерлеринин иши мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү. Мына ушундай ары татаал, ары жоопкерчиликтүү милдетти аркалаган адистерге татыктуу көңүл бурулушу кажет. Себеби, мекемеде жумуштун оор экенине карабай, айлык маяналардын аздыгы белгилүү. Натыйжада жаш кадрлардын тармакка аз тартылып жатканы да жашыруун эмес”,– деди.

Буга байланыштуу комитеттин кызматкерлери менен баарлашып, көйгөйлөрүн жеринде көрүү үчүн келгенин айткан Нурланбек Шакиев: “Айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, Жогорку Кеңеште көтөрөбүз жана өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөбүз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар өлкө ичинде эле эмес, Кыргызстанга кызыккан дүйнө эли да Улуттук статистика комитетинин сайтына баш багаарын белгилеп: “Азыркы ааламдашкан доордо маалымат эң кымбат нерсе. Андыктан баалуу маалыматтардын булагы саналган мекеменин ишин алдыга жылдырышыбыз зарыл. Айрыкча имаратын жаңылап, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды жакшыртуу учур талабы”, – деди.

Андан тышкары, Кыргызстандагы эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн Улуттук статистика комитетинин жамаатына ыраазычылык билдирди. Жолугушуудан соң мекеменин китепканасын жана иш бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистика комитетине Төрага менен бирге орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Талайбек Масабиров жана Данияр Төлөнов барды.

Связанный пост