Ишкерлер жыл башынан бери 1,5 трлн сомго электрондук эсеп-фактура тариздешти

 Ишкерлер жыл башынан бери 1,5 трлн сомго электрондук эсеп-фактура тариздешти

Ушул жылдын башынан бери ишкерлер жүгүртүү суммасы 1 трлн 504,4 млрд сомго 9,2 млн ашык электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан ЭЭФ киргизилгенден бери – 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишкерлер тарабынан 3,1 трлн сомго 19,1 млн электрондук эсеп-фактура жазып берилген.

ЭЭФти жыл ичинде 12 миң 772ге көбөйүп, бүгүнкү күндө 29 миң 560 салык төлөөчү колдонууда.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр милдеттүү түрдө колдонушууда.

ЭЭФти колдонуу ишкерлердин салык кызматы менен, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн ортосундагы байланыштарын азайтууга багытталган чара болуп саналат. ЭЭФти туура колдонуу көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга да олуттуу таасирин тийгизген курал болуп калды.

ЭЭФти киргизүүнүн натыйжасында кошумча нарк салыгы боюнча түшүүлөр акырындык менен көбөйө баштады. Алсак, 11 айда 46,1 млрд сом суммада КНС түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,7 млрд сомго көп.

Связанный пост