Бишкектеги мектептерде онлайн окууту 28-декабрга чейин узартылды

 Бишкектеги мектептерде онлайн окууту 28-декабрга чейин узартылды

Бишкек шаарындагы мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында борбор калаада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгынан улам кабыл алынды.

Ал эми аймактардагы мектептердин онлайн түрүндөгү окутуусун узартуу чечимин жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Бала бакчалар боюнча жергиликтүү санэпидкөзөмөл органдары берген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бардык мектептер 16-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн режимине өткөн.

Связанный пост