Ош шаарынын конокторун шаардын кире беришинде жоогазын гүлдөрү тосуп алышат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаар аймагына 10 миң түп жоогазындын бир нече түрү отургузулду.Читать далее
2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Аталган демилге Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Президенттин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу КРнын Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Бул чечим чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды. Чечимге ылайык, Президенттин Администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 […]Читать далее
КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан салык төлөөдөн баш тартып, качуу жолунун схемаларын уюштурган жана көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн кем баалап ишине кыянаттык менен мамиле кылган экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер аныкталды. Чогултулган материалдардын жыйынтыгы менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу коргоо зоналарындагы берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө, жеке жактарга Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныктады. КР Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары […]Читать далее
Кыргыз Республикасында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү бир катар чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталып, “Google салыгын” төлөөчү болушту. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Бир жылдын ичинде 39 чет элдик компания Салык кызматынын vat.salyk.kg сервиси аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн. Анын ичинде АКШда катталган 6 компания, […]Читать далее
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу башкармалык соцтармактагы баракчасына жарыялады. 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Арабия королдугунун саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык Ковид-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелүүсү зарыл. […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүү, окуучулардын ден соолугун камсыз кылуу жана сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол койду. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Кызматташтык төмөнкүлөрдү камтыйт: – “суу, […]Читать далее
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант-Ивановка тилкесинде жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарына толук алмаштыруу боюнча жолду оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан бул тилкеге 4 чакырымга темир-бетон шпалдарын төшөө пландалып, учурда 2 чакырымы төшөлүп бүттү. Жумушка 100дөн ашык темир жолчу жана 3 инженердик техника тартылган. Иш-чара «Кыргыз […]Читать далее