Images

Спорт

Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев жарым финалга

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын эки спортчусу жарым финалга чыкты. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев оюндардын жарым финалына чыкты. Тыныбекова 65 кг салмакта, ал эми Акматалиев 65 кг […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жыл башынан тарта азык-түлүктүн баасы 12,6%га кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 12,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12,6 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга баалар 5,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 4,9 […]Читать далее

Коом

Түркиядагы элчи Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып бергенин “Анадолу” агенттиги билдирди. “Кыргызстан туристтик ресурстарга бай экени талашсыз. Өлкөбүздүн кол тийбеген жаратылышы, тоолуу аймактары, элдик оозеки чыгармачылыгы жана маданий мурастары туристтердин көңүлүн бурат. Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы өлкө боюнча саякаттоону унутулгус окуяга айлантат”, – деген элчи. Кыргызстандын элчиси туристтер үчүн негизги талаптардын […]Читать далее

Спорт

Жайкы Спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

8-9-августта 2008-2009-жылкы өспүрүмдөр арасында жайкы Спартакиада өттү Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Октябрь райондук администрациясы  тарабынан уюштурулду.  Мелдеш спорттун 6 түрүн өзүнө камтып, эки күн аралыгында балдарга майрамдык маанай тартуулады. Иш-чаранын негизги максаты балдарды сергек жашоого жана дене тарбия, спорт менен машыгууга үндөө, балдар арасында достук […]Читать далее

Коом

Ош шаарында мыйзамсыз курулган объектилер бузулуп жатат

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тротуарларга орнотулган мыйзамсыз соода объектилерин бузуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, буга улай ишкерлерге тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, И.Раззаков көчөсүндө тротуарды кеңейтүү иштерине тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. “Моминов көчөсүндөгү тротуарда жайгашкан мыйзамсыз соода объектилери – Нонпарель кафеси жана […]Читать далее

Саясат

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси өттү

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган ички иштер министрликтеринин кеңешинин жыйынына даярдык көрүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмесинин отуруму болуп өттү. ИИМден билдиргендей, кеңешмеге Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин (полициянын) өкүлдөрү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулукка […]Читать далее

Коом

«МЭА» ААК Караколдогу аэропортту реконструкциялоо үчүн подрядчы издөөдө

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн 3 лот боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. №1 лот – «Каракол» эл аралык аэропортунун жаны аэробекетин куруу» долбоору боюнча курулуш-монтаждык иштери»; №2 лот – «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин (УКТ) 400 метрге узартуу менен бирге […]Читать далее

Дүйнөдө

Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду

2022-жылы 10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ортосунда түзүлдү. Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер […]Читать далее

Коом

ӨКМдин жоокеринин сабалышы. Тараптардын элдешүүсүнөн улам кылмыш иши токтотулду

 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокеринин сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын элдешүүсүнөн улам токтотулду. Мындай чечим 8-августта борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган. Жабырлануучу тарап Т.Жаныбек уулуна эч кандай дооматтары жок экенин билдирген. Буга байланыштуу соттун чечими менен Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы бөлүмүндө кызмат өтөп […]Читать далее

Коом

Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Сагыналиев Исмайил Алмейсович КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сагыналиев эки жогорку билими бар. 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, 2008-жылы ИИМдин Академиясынын Юриспруденция багыты боюнча адистигин аяктаган. Буга чейин ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү […]Читать далее