Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду

 Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду

2022-жылы 10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду.

Келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ортосунда түзүлдү.

Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот.

Маалымат үчүн: ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жылдыруу максатында 2021-жылы Японияга 25 390 млн сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна).

Связанный пост