Ош шаарында мыйзамсыз курулган объектилер бузулуп жатат

 Ош шаарында мыйзамсыз курулган объектилер бузулуп жатат

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тротуарларга орнотулган мыйзамсыз соода объектилерин бузуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга улай ишкерлерге тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, И.Раззаков көчөсүндө тротуарды кеңейтүү иштерине тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда.

“Моминов көчөсүндөгү тротуарда жайгашкан мыйзамсыз соода объектилери – Нонпарель кафеси жана жеке үйлөрдө жайгашкан административдик кеңселер буздурулуп жатат. Бул жайлардын ээлери мыйзамсыз курулган объектилерин алып салуу иштерине көмөктөшөт”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост