Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

 Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Сагыналиев Исмайил Алмейсович КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сагыналиев эки жогорку билими бар. 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, 2008-жылы ИИМдин Академиясынын Юриспруденция багыты боюнча адистигин аяктаган.

Буга чейин ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызмат ордун аркалап келген. Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт.

Связанный пост