Жалал-Абад шаарында электробустар толук каттамга чыкты

 Жалал-Абад шаарында электробустар толук каттамга чыкты
Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан сатып алынган 10 даана электробус каттамга чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан маалымдашты.
Алар учурда шаардагы №10 каттамда жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат.
Электробустар күйүүчү майлар менен жүргөн автобустарга караганда каражатты 60%га чейин үнөмдөйт. Тагыраагы, бир электробус 450 сом менен толук кубатталат. Ал үчүн 6 автобусту бир учурда кубаттоочу 3 жабдык орнотулган.
Белгилей кетсек, шаарга жалпы суммасы 118,5 млн. сомго 10 даана электобус кубаттагычтары менен сатып алынган. Каражаттын 100 млн. сому республикалык бюджеттен, ал эми калган каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Связанный пост