«МЭА» ААК Караколдогу аэропортту реконструкциялоо үчүн подрядчы издөөдө

 «МЭА» ААК Караколдогу аэропортту реконструкциялоо үчүн подрядчы издөөдө

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн 3 лот боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

№1 лот – «Каракол» эл аралык аэропортунун жаны аэробекетин куруу» долбоору боюнча курулуш-монтаждык иштери»;

№2 лот – «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин (УКТ) 400 метрге узартуу менен бирге аэродромдун элементтеринин төшөлмөсүн реконструкциялоо»;

№3 лот – «Каракол» эл аралык аэропортун жогорку интенсивдүү жарыктандыруу системасы менен жабдуу боюнча жабдыктарды жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү жумуштарды жүргүзүү, аэродромдогу шамалдын багытын аныктоочу жабдыктарды жана перрондук жарык берүүчү мачталарды орнотуу».

«Конкурстук табыштамаларды – 1 түпнуска, 2 көчүрмө – толугу менен чапталган конвертте берилиши зарыл (дареги көрсөтүлгөн конверт электрондук түрдө конкурстук табыштаманын толук пакетинин мазмунун камтууга тийиш). Конкурстук табыштамаларды төмөнкү дарекке жеткизүү талап кылынат: Бишкек ш., «МЭА» ААК, Административдик имарат. Телефон: 0312 69 34 06», – деп айтылат маалыматта.

Конкурс тууралуу маалымат www.tenders.kg, www.tender-smart.com сайттарында жарыяланган.

Конкурстук документтер 2022-жылдын 23-августунда саат 15.00 ачылат.

Связанный пост