Коопту жүк ташыган унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коопту жүк ташыган унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Тынычбек Саидов тарабынан кооптуу жүк ташуучу унаа каражаттарынын катышуусу менен болгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында кооптуу жүк ташуучу мекемелердин айдоочу курамы менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда кооптуу жүк ташуу эрежелеринин, жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында унаа каражаттарына кароо жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан даярдалган нускамалар айдоочуларга таратылды.

Связанный пост