Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси өттү

 Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси өттү

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган ички иштер министрликтеринин кеңешинин жыйынына даярдык көрүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмесинин отуруму болуп өттү.

ИИМден билдиргендей, кеңешмеге Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин (полициянын) өкүлдөрү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү катышты.

Отурумду КР ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ачып, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешмесинин алдыда боло турган отуруму коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу оффлайн режиминде өткөрүү пландалганын белгиледи.

Биз КМШ мамлекеттеринин ички иштер органдарынын полициясынын жетекчилеринин бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөбүз, анда биздин өлкөлөрдүн аймагында чек ара аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, баңгизаттарга, уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча жалпы стратегияны иштеп чыгуу максатында чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлер кеңеши тынчтыкты куруу ишинде чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

Учурдагы заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршылык көрсөтүшүбүз керек.

Эксперттердин бүгүнкү биргелешкен жыйыны КМШ өлкөлөрүнүн аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн уюштуруу формаларын даярдоо жана өнүктүрүү жолундагы дагы бир кадам болуп саналат.

Связанный пост