Galleries

Коом Медицина

Саламаттык сактоо министри бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайымга

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту. Жолугушууда министр Ырыскүл менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, КР Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскулгө операция үчүн […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында РЭТ ишканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо

Ош шаарында РЭТ ишканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов имараттын курулушу менен таанышты. Райондук электр тармактарынын жаңы имараты шаардын батыш аймагынын жашоочуларын тейлөө сапатын жогорулатуу максатында курулууда. Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Ош РЭТ ишканасынын башчысы Алмазбек Самидиновдун айтуусуна ылайык, имаратта 85 […]Читать далее

Коом

Өзгөн районунда аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдук

Өзгөн району боюнча аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Дагы апрель айынын аягына чейин жалпысынан 535 сертификат тапшырылат. Иш-чарага вице-спикер Жамиля Исаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Төлөнов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты. “Биздин өлкөнүн аялдарынын 65%ы – айыл жергесинде турушат. Алардын ар бири айыл чарбасында же […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы чакан ГЭСтердин курулушу менен таанышты

Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу менен таанышты. Курулушу 2022-жылдын август айында башталган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин жалпы жумуштарынын 70% аягына чыгарылды. Кубаттуулугу 6,7 мегаватты түзгөн гидроэлектр станциянын башкы курулмасы, суу жеткире турган 2600 метрди түзгөн каналы салынып бүттү. Алдыда ГЭСтин […]Читать далее

Спорт

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 4 медаль

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү күрөш боюнча Азия чемпионатында 4 медаль жеңди (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло). Эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү. 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль жеңди. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 кг […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. 14-апрель күнү “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ташиев, А.Маткеримов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын […]Читать далее

Коом Маданият

Бишкекте «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы болуп өттү

Бүгүн, 2023-жылдын 15-апрель күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы болуп өттү. Салтанаттуу иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов барып катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым […]Читать далее

Аймак

Быйыл Жалал-Абад шаарында 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт

Жалал-Абад шаарындагы 200 метрди түзгөн Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Асфальт төшөө жумушун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” ишканасынын Жалал-Абад филиалы жүргүзүүдө. Быйыл Жалал-Абад шаарында 13 чакырым аралыкка тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт.   Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборуЧитать далее

Аймак

Транспорт жана коммуникация министри Нарын аэропортунун жолдорунун куруу иштери менен

Нарын облусуна иш сапары менен барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын аэропортунун курулуп жаткан жолдорун көрүп, иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме жетекчиси билдиргендей, жарандардын ыңгайы үчүн ички аба каттамдарын жандантуу менен облус аралык унаа каттамдардын да жүгүн жеңилдейт. Белгилей кетсек, Президент Садыр […]Читать далее

Коом

Ош шаарында А.Навои атындагы парктын жанындагы жашыл зонаны реконструкциялоо иштери

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ферас бассейнинен А.Навои атындагы эс алуу багына чейинки аймакта жайгашкан жашыл зонаны реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Белгилей кетсек, АРИС программасынын алкагында жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аталган аймакты реконструкциялоо боюнча долбоор түзүлгөн. Ага ылайык, тротуарлар, оргумалар, […]Читать далее