Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы чакан ГЭСтердин курулушу менен таанышты

Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу менен таанышты.

Курулушу 2022-жылдын август айында башталган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин жалпы жумуштарынын 70% аягына чыгарылды. Кубаттуулугу 6,7 мегаватты түзгөн гидроэлектр станциянын башкы курулмасы, суу жеткире турган 2600 метрди түзгөн каналы салынып бүттү. Алдыда ГЭСтин имаратын куруу, техникалык чогултуу жана линия тартуу жумуштары аткарылат. Долбоорго жалпы 620 млн сом жумшалууда.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасынын орун басары жумуштары дээрлик аяктап калган Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСке барды.  Бүгүнкү күндө суу чарба башкармасынын карамагындагы “Когарт зерновой” каналын эки тараптуу пайдаланууга келишим түзүлүп, гидроэлектр станциясынын курулуш иштери 99% аягына чыгарылды. Бул чакан ГЭС ишке берилсе анын кубаттуулугу саатына 2,4 кВтка чейин электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү жаралып, жакынкы айылдарды электр энергиясы менен камсыздайт.

Бакыт Төрөбаев Министрлер Кабинети энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануу боюнча ишти активдүү жүргүзүп жатканын белгиледи. Анда чакан ГЭС куруучу инвесторлорго шарт түзүү үчүн кошумча нарк салыгынан жеңилдетүү, жер аянттарын ажыратуу жана бирдиктүү терезе аркылуу документ иштерине көмөк көрсөтүү аракеттери колго алынганын айтты.

Связанный пост